www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент» Темир Сариев качан тазаланат?

  Соода-өнөр жай палатасынын президенттигин шайлоо өтүп, экс-премьер-министр Темир Сариев президент болуп шайланган. Президенттикке ат салышып жеңип чыккан бирден-бир мурунку өкмөт башчысы Темир Сариев кызматына орношор менен кыргыз элин кантип бөлүп чыныгы президенттикке жетүүнү максат кылып койгон. Буга анын таламдашы Германиядагы элчи Текебаев түздөн-түз колдоо көрсөтүп Германияга келип кетүүсүнө шарт түзгөн. Текебаевдин бул колдоосуна жамынып Сариев, ал-ахыбалды боолголоп Германия менен Орусиянын пикири келишпей турганын байкап Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен канцлер Шольцко тааныш издеп табат. Германияда ал адам менен жашыруун жолугушуп мындай шартта сөзгө келишет. Сариев Кыргызстанда Германия жана НАТОну колдойт, ал эми Германия жеңишке жетип Путинди кызматынан алса, ал колдогон адам катары Садыр Жапаровду кетирип ордуна Темир Сариевдин талапкерлигин койот да, НАТОнун колдоосу менен кийинки президент болушу толук ыктымал.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев палатанын колго түшкөн кызматкерлери тергөө аяктаганга чейин кызматтан убактылуу четтетилгенин билдирген. Темир Сариев экспортко чыккан товарларга мыйзамсыз сертификат берген деп шек саналып жаткан Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн кызматтан четтетилген жетекчилери 2021-2022-жылдардагы иштерге байланыштуу кармалганын кошумчалады. Анын маалыматына караганда, мыйзамсыз иштерди алдын алуу үчүн сертификаттарды берүүнүн жол-жобосуна өзгөртүү киргизилген.

Атайын кызмат Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери (Б.Э.Ю. жана П.К.) экспорттолуучу товарларга мыйзамсыз сертификат берип, айрым ишканаларга салыктан качууга шарт түзүп берген деген шек менен кармалганын кабарлаган. Алар көмүр экспорттогон ишканаларга кымбат көмүрдү “арзан” деп сыпаттаган сертификат берип турган. Бул кызматы үчүн ал ишканалардан акчалай сыйлык алышкан.

Палатанын президиуму төрагалыкка талапкерлигин койгон тогуз кишинин ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин жактырган. Алардын катарында Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев, INTEGRA Engineering Group ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов жана “Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев бар болчу.

 Премьер-министрлерден Улукбек Марипов Араб өлкөлөрүнө элчи болуп кеткен. Кулатов Төрөбай, Дүйшеев Арстанбек, Ибраимов Жумабек, Муралиев Амангелди, Кулов Феликс, Кубатбек Боронов  жана башкалар маркум болушкан, пенсияга чыгышкан же иштеп жүрүшөт. Танаев Николай өлсө да, Чынгышев Турсунбек, Жумагулов Апас жана башкалар өкмөт башчыдан түшсө дагы качан кармалабыз деп кудайдан тобо кылып жүрүшөт. Ибраимов Султан каракчылардын колунан өлтүрүлгөн. Исанов Насирдин тууралуу сөз көп, Ибраимов Жумабек ажалынан өлгөн. Отунбаева Роза Исаковна менен Жээнбеков Сооронбай Шарипович президент болушуп экс-президенттин макамын алышкан.

Булардын кимиси түрмөгө түшүп, кимисине кылмыш иши козголуп, кимдери  куугунтукталган. Көзү өткөн өкмөт башчыларын тим койолу, көзү тирүү өкмөт башчыларынын көпчүлүгү камакты көздөй жутунат экен. Камалгандардан Садыр Жапаров отуруп чыкты, Атамбаев Алмазбек ушул күнгө чейин отурат, 2020-жылы октябрда качып кеткен Исаков Сапар деген бар. Сыртынан кесилген өкмөт башчылары Курманбек Бакиев менен Үсөнов Данияр.

Сегиз өкмөт башчы караңгы үйдө отуруп, жыйырмасына кылмыш иши козголгон. СИЗОдо отуруп чыгышкандар: Жумалиев Кубанычбек, Чудинов Игор Витальевич, Бабанов Ѳмүрбек Токтогулович, Сатыбалдиев Жантѳрѳ Жолдошевич, Оторбаев Жоомарт Кайыпович, Сариев Темир Аргенбаевич, Абулгазиев Мукамбет  СИЗОдо бир өтүгү, бир өтүгүнө батпай турмуштун тарчылыгын көрүшүп, акыры бийликтин көзүн будамайлап жарыкчылыкка чыгышкан.

Репрессиядан улам бешөө камалып, ошол жерде түрмөдө өлтүрүлгөн. Раззаков Исхак, Сүйөркулов Абды, Дикамбаев Казы, Мамбетов Болот, Сүйүмбаев Ахматбек  Кыргыз ССРинин Министрлерт Советинин председателдеринен ар кандай себеп менен куугунтукталган, кээ бирлери Совминден алынып катардагы министрлик берилген.

 Бул тарых ал эми бүгүнкү күндө Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Б.Э.Ю. жана П.К. экспорттолуучу товарларга мыйзамсыз сертификат берип, айрым ишканаларга салыктан качууга шарт түзүп бергенин аныкталды. Алар көмүр экспорттогон ишканаларга кымбат баадагы көмүрдү "арзан" деп сыпаттаган сертификат берип турган. Бул кызматы үчүн ал ишканалардан акчалай сыйлык алышкан.

Мындан тышкары, Б.Э.Ю. жана П.К. Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрүнүн чыныгы кирешеси азайтылып көрсөтүлүп, ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрү бюджетке түшпөй келгени жазылган.
Импорттук жана экспорттук товарлардын шайкештик сертификаттарын берүүчү ишканалар - Сертификат Класс, Сертификат плюс, Сертификат Транс, Южный Техосмотр Плюс, Южный Испытательный Центр, Калибровка Плюс, Южный Техосмотр, Эксперт Текст Плюс, Сертификат Экспресс, Стандарт Гарант - негизинен шектүү П.К.нын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык компаниялар болгон. Шектүү өзү бул ишканалардын негиздөөчүсү же директору болуп катталган.

 П.К.нын үйүндө жана ага караштуу фирмалар жайгашкан үч даректе тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү документтер, 28 миң АКШ доллары, 1 миллион 997 миң сом, 99 миң рубль, кыймылсыз мүлктөрдүн документтери жана көптөгөн мөөрлөр алынган. Учурда бул иштин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо үчүн тергөө иш-чараларын жүргүзүүлүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости