www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-апрелде, Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, эркиндик менен адилеттикти туу туткан намыскөй элибиздин мыкты уулдары 2010-жылдын 7-апрель күнү Кыргызстанда нукура демократиялык түзүлүштү орнотуу үчүн жанын берип, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кулатты.

2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларда курман болгондордун эрдигине терең таазим этип, алардын элесин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле кыргыз элинин адилеттик үчүн күрөшүндө тарыхый мааниге ээ болгон Элдик Апрель революциясынын юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө максатында токтом кылынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости