www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы абалы жана келечектеги артыкчылыктуу багыттары менен таанышты.
Райондун акими Жаныбек Исаков мамлекет башчысына акыркы жылдары ишке ашырылган инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берип, алдыдагы өнүгүү пландары боюнча баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, 2021–2025-жылдары Жумгал районунда жалпы баасы 1 миллиард 43 миллион сомдон ашкан 24 объект пайдаланууга берилди. Алардын катарында жети мектеп, үч спорт залы, эки бала бакча, беш административдик имарат жана жети өндүрүштүк ишкана бар.
Долбоорлор республикалык жана жергиликтүү бюджеттин, Өнүктүрүү фондунун, ошондой эле инвесторлордун каражаттарынын эсебинен каржыланган.
Жол тармагында акыркы төрт жыл ичинде 428,4 миллион сомдук иштер аткарылып, 35,7 чакырым жол асфальтталды. Мындан тышкары, 89 чакырым жолго шагыл төшөлүп, 133 миң чарчы метрден ашык жолго оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Ирригация тармагында да олуттуу жылыштар катталып, 2021–2025-жылдары жалпы суммасы 1 миллиард 18 миллион сомдон ашкан долбоорлор ишке ашырылды. Учурда 2022-жылы башталган 836,3 миллион сомдук «Түгөл-Сай» суу сактагычынын курулушу уланууда. Аны 2026-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
Таза суу менен камсыздоо багытында акыркы беш жылда 379,9 миллион сомдук иштер аткарылып, каржылоо көлөмү 11,5 эсеге өстү. Ал эми 2026-жылы райондогу жети калктуу конушта жалпы баасы 595,6 миллион сомду түзгөн суу менен камсыздоо системаларын ишке киргизүү мерчемделүүдө.
Учурда Жумгал районунда 21 объекттин курулушу жүрүп жатат. Жыл аягына чейин алардын 16сын пайдаланууга берүү пландалууда. Алардын ичинде административдик имараттар, социалдык объектилер, алты кичи футбол аянтчасы жана заманбап спорт комплекси бар.
Жолугушууда мамлекеттик ипотекалык турак жай куруу маселеси да көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө райондо болжол менен 4 миң 350 жаран турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Чаек айылында эки гектар жер тилкеси даяр экени маалымдалды.
Ошондой эле Чаек айылында борборлоштурулган саркынды суу системасын жана тазалоочу курулмаларды куруу, райондук маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү аянтча түзүү жана Жумгал районунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор талкууланды.
Президент Садыр Жапаров аймакты комплекстүү өнүктүрүүнүн, калктын жашоо сапатын жогорулатуунун жана бардык инфраструктуралык долбоорлорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.