www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, президент Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Мамлекет башчысынын учагы Ташкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
Аэропортто Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.
Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Мамлекет башчысы сапарынын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышат, ошондой эле Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.