www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-ноябрдан тартып борбор калаада №66 жаңы электробус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эми Көлмө конушунан 8-кичирайонго чейин ыңгайлуу, үнөмдүү жана экологиялык жактан таза электробустар каттай баштайт.
Маршруттун багыты: Көлмө конушу — Мидин көчөсү — М.Ганди көчөсү - Жаш Гвардия бульвары — Чүй проспектиси - Бейшеналиева көчөсү - Киев көчөсү — Байтик Баатыр проспектиси — Токомбаев проспектиси ал эми акыркы аялдама 8-кичирайон.
Электробустар заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана USB кубаттагычтар менен жабдылган.