www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 15-ноябрында Чүй ОИИББнүн нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн районуна караштуу Константиновка айылынын жанында массалык мушташ болуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя боюнча маалымат катталып, дароо текшерүү иштери башталган.
КР УКМК жана Чүй ОИИБ биргелешип түзгөн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, алдын ала териштирүүнү жүргүздү. Анын жүрүшүндө айылды жанындагы карьерден кум жана шагыл ташып жүргөн эки компаниянын айдоочулары жолду бөлүшө албай чырдашып, жаңжал кийин мушташка айланып кеткени аныкталды.
Мушташтын кесепетинен жабыркаган бир адам — 2005-жылы туулган К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну Чүй облустук ооруканасына кайрылган. Дарыгерлердин алдын ала корутундусу боюнча ал жабык баш мээ травмасын, мээнин чайкалышын, желке бөлүгүндөгү кан куюлуну жана жумшак ткандардын көгөрүүсүн алган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга катышкан бардык адамдар аныкталып, жалпы 44 жаран Чүй ОИИББге жеткирилди. Алардын ичинен 16 адам КР КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
КР УКМК жарандарды текшерилген, ишенимдүү маалыматтарды гана таратууга чакырат. Текшерилбеген же атайылап бурмаланган маалымат коомчулукту адаштырып, укук коргоо органдарынын ишине тоскоолдук жаратат. Ошондой эле атайылап жалган маалымат тараткан учурда мыйзамда каралган жоопкерчилик бар экенин эскертет.





