www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады. Өзбекстан президентинин кыргыз-өзбек элинин достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде чек ара кызматташтыгы жана кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин жандандыруу жөнүндө талкуулашты.

Президенттер эки өлкөнүн өз ара гуманитардык көмөк көрсөтүү жаатында аткарган ишин канааттануу менен белгилешип, ошондой эле мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү чараларын карашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости