www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент  күч түзүмдөрүнө эскертүү берди

Президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрү мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайыны жок эле кысымга албоо керектигин эскертти. Бул тууралуу мамлекет башчысы “Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркындагы асма жолду расмий түрдө пайдаланууга берүү иш-чарасында билдирди.

Анда президент түрдүү тармактарга инвестиция салууга келген ишкерлерге мамлекет тарабынан болушунча шарттар түзүлүп жатканын баса белгиледи.

“Мындан ары да инвесторлордун ишмердигине ыңгайлуу жагдайларды түзө бермекчибиз. Алардын ишине ыксыз текшерүүлөргө мораторий дагы киргиздик. Ишкерлер ирденип алса, салыктык төлөмдөр дагы көбөйөт, кошумча жумуш орундары дагы түзүлөт, мамлекетибизге, эли-журтубузга бардык жагынан пайда гана алып келет. Ошол эле учурда мамлекет ишеним артып, тиешелүү шарттарды түзүп берип жатканда ишкерлер дагы кыянаттык кылып, салыктарын жаап-жашырбай, ак иштейт деп үмүт кылам”, - деп айтты өлкө башчысы.

Последние новости