www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын тең төрагасы Гуля Кожокулова баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Федерация Кеңешинин Илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова жетектеген Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлсүнкан Жунушалиева, Медер Чотонов, Абдылдабек Эгембердиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Боконтаев болду.
Жолугушууда Гуля Кожокулова Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий жана соода-экономикалык мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи. Эл өкүлү миграция тармагындагы актуалдуу маселелерге, атап айтканда, Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын жүрүү тартибине, жарандардын социалдык адаптациясына, милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын жеткиликтүүлүгүнө, орус тилин, тарыхын жана укуктук негиздерин билүү боюнча тестирлөөгө өзгөчө көңүл бурду. Муну менен катар жаштарды колдоо жана жаштар парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү маселесин көтөрдү.
Өз кезегинде Лилия Гумерова достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-орус мамилелерин мындан ары да чыңдоого берилгендигин билдирди. Депутат эки мамлекеттин башчыларынын эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана парламенттик деңгээлдеги үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.
Андан тышкары, тараптар гуманитардык жана билим берүү жаатындагы алакаларды өнүктүрүү зарылдыгына токтолушту. Атап айтканда, орус тилинде окуткан мектептерди куруу, жогорку окуу жайлар аралык кызматташууну кеңейтүү, агартуучулардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.