www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди - экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

“Урматтуу дипломатия кызматкерлери!

Ардактуу ардагерлер!

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм!

Биз бүгүн министрликтин түзүлгөнүн гана эмес, жалпы дипломатия кызматкерлеринин майрамын белгилеп жатабыз.

Ошондуктан кыргыз дипломатиясынын тарыхына кайрыла кеткенибиз туура болот.

Кыргыз коомунда элчиликтин тарыхы кылымдардын тереңине кетет.

Башка мамлекеттер менен болгон дипломатиялык мамиле биринчилерден болуп 643-жылы башталганы тарыхый булактарда жазылган.

Андан кийинки замандарда, улуу Манас бабабыздын мезгилинде, кыргыздар коңшу элдер менен достук мамиле түзгөнгө аракеттенип келишкени белгилүү.

Манас эпосунда азыр да колдонуп келе жаткан “элчи”, “элчилик”, “тилмеч” деген түшүнүктөр бар. Элчинин өзгөчө статусу болгон, ага кылдат мамиле жасалып, жазадан бошотулган.

Айкөл Манас атабыз өз элинин жана мамлекетинин бейпилдиги үчүн коңшулар менен достук гана эмес, тууган болууга чейинки тыгыз байланыштарды чыңдаган.

Көз карандысыздыкты, эгемендикти, эркиндикти туу тутуп, мамлекеттүүлүк идеясын кылымдар бою жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө сактап келген кыргыздар үчүн элчилик функция эң маанилүү роль ойногон.

Ошол улуу тарыхты улап, 18-кылымда кыргыздын даанышман эл башчылары Падышалык Россия менен дипломатиялык мамилени түзүү боюнча аракеттерди баштаган.

Бул багыттагы биринчи кадам - Атаке-бийдин 1785-жылы Санкт-Петербург шаарына жөнөткөн элчилигинен башталат десек болот.

Ушул аракеттер тынбай уланып жүрүп, 1855–жылы кыргыздардын Россияга ыктыярдуу кошулуу процесси башталган.

Кыргыз элинин белгилүү ойчулу жана дипломаты, мамлекеттик ишмер Кыдыр аке Байсары уулу 1913-жылы Санкт-Петербург шаарына Романовдордун династиясынын 300 жылдыгына чакырылган.

Улуулардын даңктуу жолун улап, совет мезгилинде кыргыздын бир катар чыгаан дипломаттары өсүп чыкты.

Урматтуу мекендештерим!

Айымдар жана мырзалар!

Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун күнү менен чогуу белгилеп жатканыбыздын терең символикалык мааниси бар.

Биздин Тышкы иштер министрлигинин башаты - Кыргыз ССРинин Тышкы иштер эл комиссариаты 1944-жылы түзүлгөн.

Анын негизги максаты жана оор согуш учурунда түзүлгөнүнүн себеби - биздин Бириккен Улуттар Уюмуна тең укуктуу мүчө катары кирүүгө умтулуубуз болгон.

Тилекке каршы, 1945- Бириккен Улуттар Уюму түптөлгөн жылы, геосаясий себептерден улам бул Уюмга мүчө боло албай калганбыз.

Эгемендикке жеткенден кийин Бириккен Улуттар Уюмуна кирүү - Кыргызстандын алгачкы тышкы саясий чечимдеринин бири болду.

Бактыга жараша, дээрлик жарым кылымдан кийин биздин тилегибиз ишке ашып, 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында Кыргыз Республикасы Уюмга бир добуштан кабыл алынды.

Ага мүчө болуу менен биз эл аралык коомчулукка интеграция болгонго мүмкүндүк алдык.

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 163 өлкөсү менен дипломатиялык мамилелерди түздүк.

Өлкөбүздүн тышкы саясаты калыптанып жаткан 90-жылдардын башында, мамлекеттик институттарды түзүү жана жаңы реформаларды жүргүзүү үчүн жардамга муктаж болуп турганбыз.

Бириккен Улуттар Уюмунун программалары экономикалык, саясий жана социалдык реформаларды ишке ашырууга жигердүү колдоо көрсөттү.

Ал мезгилде коопсуздук, баңги зат трафиги, жакырчылык, тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү - өлкөбүз үчүн курч мүнөзгө ээ болгон.

Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн ушул проблемаларга бурду.

Биздин демилгелер эл аралык аренада колдоого ээ болуп, азыркы мезгилде өлкөбүз Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында туруктуу позицияны ээледи.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Бүгүн биз глобалдуу өзгөрүүлөрдүн доорун кечирип жатабыз.

Карама-каршылыктар менен коштолгон, туруксуздугу жана турбуленттүүлүгү менен  мүнөздөлгөн жаңы көп уюлдуу дүйнө калыптанууда.

Жаңы интеграциялык бирикмелер пайда болду.

Дүйнөдөгү бир да мамлекет жалгыз гана өзүнүн күчү менен азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу каршы тура албайт.

Ушундай кырдаалда көп тараптуу дипломатия – глобалдуу көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативасыз варианты болуп калды.

Ошондуктан Бириккен Улуттар Уюмун - актуалдуу маселелерди талкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга чакан  өлкөлөр  активдүү катышкан платформа катары карайбыз.

Акыркы жылдары Бириккен Улуттар Уюмун реформалоо, аны дүйнөлүк интеграциянын башка формасы менен алмаштыруу жөнүндө ар түрдүү идеялар чыгып жатканы баарыбызга маалым.

Биз, Кыргызстан, жаңы реформалар аркылуу бул универсалдуу эл аралык Уюмду чыңдап, анын эффективдүүлүгүн жана таасирин жогорулатуу зарыл деп эсептейбиз.

Кыргызстан - Бириккен Улуттар Уюмунун  ишенимдүү өнөктөшү.

Бул абройлуу уюм менен кызматташууну – артыкчылыктуу багыт катары аныктайбыз.

Өлкөбүздүн тынчтыкта, коопсуздукта, туруктуу өнүгүүсү үчүн өз ара мамилелерибизди конструктивдүү негизде уланатабыз.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Биздин өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун алгылыктуу колдоосу менен көп пландуу реформаларды жүргүзүп жатат.

Алардын артыкчылыктуу багыттары Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген.

Анын ичинде, 2023-жылга чейинки аткарыла турган милдеттерге өзгөчө маани беребиз. Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация программасын ишке ашыруу, сот-укуктук, билим берүү жана ден соолук тармагындагы реформаларды жүргүзүү – такай көңүл бурууну талап кылган багыттар.  

Ошондуктан биздин өлкөбүздө Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелерин  кеңейтүү жана анын кошумча түзүмдөрүн тартуу зарыл деп эсептеймин.

Урматтуу дипломаттар,

Тышкы саясаттын жаңы концепциясына ылайык, Кыргыз Республикасы көп вектордуу, тең салмакталган жана прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүнү көздөйт.

Акыркы эки жылдын ичинде коңшу өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара кызматташтыгыбызды бекемдөөгө багытталган олуттуу иштер жүргүзүлүүдө.

Борбордук Азия өлкөлөрүнө - Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга расмий визит жасалды.

Россияга, Кытайга, Түркияга, Евросоюзга болгон мамлекеттик жана расмий иш-сапарлар позитивдүү натыйжаларды берди.

Россия Федерациясы биздин союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз.

Эмдиги жылы биз Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы  жана Россиянын Кыргызстандагы жылдарын өткөрөбүз.

Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы, Түрк кеңешиндеги төрагалыгы жемиштүү жыйынтыктарды берди.

Эми Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмундагы төрагалыгыбызды ийгиликтүү өткөрүү - өзгөчө мааниге ээ.

Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында биздин улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү негизги максатыбыз болушу керек.

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдө биздин жарандарыбыздын жашоо жана иштөө шарттары жакшырууда.

Биз ЕврАзЭСке мүчө болгондон бери, республикабыздын пайдасына багытталган бир катар ийгиликтерге жеттик.

Биримдиктин потенциалын максималдуу колдонуу үчүн зарыл болгон иштерди улантабыз.

Кытай Эл Республикасынын «Бир алкак - бир жол» демилгесинин алкагындагы артыкчылыктардын биздин мамлекетибиз үчүн мааниси чоң.

Биз Кытай менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосунда, стратегиялык орунда жайгашканбыз.

Бул факторду өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн толук кандуу мүмкүнчүлүктөр бар.

Евросоюз менен биздин конструктивдүү кызматташтыгыбыз - азыркы учурда жогорку деңгээлде.

Индия, Япония, Корея, Араб өлкөлөрү жана Америка менен болгон карым-катнашыбызды өркүндөтүү боюнча иштерди улантабыз.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Учурда бардык өлкөлөр экономикалык ишмердүүлүктү курчап турган чөйрөнү коргоо принциби менен айкалыштыруу жолдорун издеп жатышат.

Өзүнүн көп кылымдык тарыхында кыргыз эли коңшу өлкөлөр жана жаратылыш менен гармонияда жашоо ыгын ырааттуу сактап калды.

Бул маданий мурасыбыз башкалар үчүн кызыгуу жаратат.

Биздин өлкө глобалдык экологиялык коркунучтарды токтотуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун ишине барган сайын жигердүү аралашууда.

 Эл аралык экологиялык процесстердин активдүү катышуучусу болуп эсептелет.

Анткени Кыргызстанга - тоолуу өлкөгө, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири курч сезилет.

Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө, суу ресурстарына таасир этет, өлкөнүн тоолуу райондорунда табигый кырсыктардын өсүшүнө алып келет.

Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүн - экосистема жана адамдар үчүн олуттуу коркунуч катары тааныйт.

Ошондуктан Климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж макулдашуусун ратификациялаган мыйзамга кол койдум.

Бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн биздин салымыбыз төмөнкү багытта болот.

Бүгүн биздин өлкөдө экологиялык таза электр энергиясына өтүү үчүн олуттуу потенциал бар.

Кыргыз Республикасында ГЭСтердин курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу - Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Афганистандын жана Пакистандын гидроэнергияга болгон керектөөсүн бир кыйла деңгээлде камсыз кылат.

Бүтүндөй ири регионду туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык зыян ресурстарды колдонууну азайтуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт.

Климаттын глобалдык ысып кетүүсүн басаңдатууга салым кошот.

Глобалдык масштабда бул Макулдашуунун маанилүү жана зарыл экенин өзгөчө белгилейм.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Кыргызстан - өзгөчө экотуристтик ресурстук потенциалы бар, экологиялык таза продукциянын өлкөсү.

Биз экологиялык таза өлкөнүн статусун сактоого жана өнүктүрүүгө, аны улуттук брендге айлантуу ниетинде иштеп жатабыз.

Ошондуктан биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди - экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат.

Экологиялык дипломатия – жаратылышты коргоо, экологиялык кризистердин алдын алуу, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизчү иш- аракеттерди болтурбоо багыттарында чет өлкөлөр менен эки жана көп тараптуу кызматташтыкты билдирет.

Жогоруда белгиленген артыкчылыктуу багыттардын баарын тең камтыган экологиялык дипломатия боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну Өкмөткө сунуштайм.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Биздин чек аралардын юридикалык жактан жол-жоболоштуруунун бүтпөй жаткандыгы - региондогу эң курч маселе.

Чек арадагы туруктуулукту сактоо - чектеш мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө жагымдуу шарт түзөт.

Коңшу мамлекеттер менен болгон чек араларды тактоо жана аларды юридикалык жол-жоболоштуруу процессин тездетүүгө умтулабыз.

Бул биздин экономикалык жана экологиялык потенциалыбызды кеңири пайдаланууга, өз ара кызматташуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жаңы мүмкүндүктөрдү ачат.

Урматтуу дипломаттар,

Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы эӊ маанилүү багыт - чет жактарда жүргөн жарандарыбыздын укуктарын коргоо.

Чет өлкөлөрдө жашап, окуп, иштеп жаткан мекендештерибиз үчүн өлкөнүн дипломатиялык мекемелери аларды колдой турган ишенимдүү таяныч болушу керек.

Мекендештерибиз менен экономикалык, маданий, социалдык маселелер боюнча кызматташууну бекемдөө - силердин милдетиңер.

Экономикалык дипломатия артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири экенин дагы бир ирет эскертем.

Экспорттук потенциалды жогорулатуу, энергетика, транспорттук-логистикалык мүмкүндүктөрдү кеңейтүү, инвестиция тартуу жана өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо – ар дайым көңүл борборунда турчу багыттар.

Өлкөбүздүн эл аралык аренадагы имиджин бекемдеп, улуттук кызыкчылыктарды ишенимдүү коргоо зарыл.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн, чыныгы мекенчилдикти, жигердүү аракетиңиздерди көрсөтүп, өлкөнү өнүктүрүүгө өз салымыңыздарды мындан ары да кошосуздар деп ишенем.

Бүгүнкү юбилейлик форумубуздун ишине ийгиликтерди каалайм!

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун!”

Последние новости