www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнүн иши эл менен эң жакын байланышта болгон кызмат болуп саналат. Ар бир аймактык тескөөчүгө бөлүнүп берилген аймакты коён жатагына чейин билип, ар бир адамдын жүзүнөн таанып, кыраакы болууга тийиш. «Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү»-деп аты айтып тургандай, ошол аймактын болгон арыз-даттанууларын жеринде чечип келишет.

Эски сөз менен айтканда «Участковый» өз аймагында кадыр-баркка жетип, элдин ишеничине кирип жакшы жана мыкты кызматкер болсо, эл да ошол кызматкерди көрүп жалпы милиция кызматкерлерин сыйлап, барктап калаары жалган болбосо керек. Бүгүнкү биздин каарманыбыз Кочкор РИИБдин Чолпон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын лейтенанты Закиев Кайрат Оморович. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Кайрат мырза Кочкор районуна келип иштегенине үч жылга чамалап калды. Өзү Ат-Башы аймагынан болгондуктан, үй-бүлөсүн алып Кочкорго көчүп келип алышкан. Кайрат келинчеги экөө эки баланы тарбиялап өстүрүп келе жатышат. Милициянын айлык маянасы аз болгондуктан, бир үй-бүлөдө жалгыз милиция кызматкери бир үйдү багыш кыйынга турат, айрыкча жаш жана жаңыдан кичинекей үй-бүлө деген өлкөнү куруп келе жаткан жаштардыкы. Бир үйдө экөө тең иштеп турса, жашоодо балдарды тарбиялап кийим кечегине жана баскан турганына жеңилдик болуп турат эмеспи.

Ошондуктан Кайрат келинчегин Чолпон айылынын мектебине өз кесиби боюнча мугалим кылып жумушка орноштуруп койгон. Атайын жаңы келген кызматкерлерге деп Чолпон айылынан алысыраак Туз айылынан жашап турганга кызматтык үй берилген. Бирок, Кайраттын иши Чолпон айылында болуп, жумушуна барып келүү жаатында кыйынчылык жаралгандыктан Чолпон айылынан үй таап жашаганды туура көргөн.

Кочкор жергеси кыш маалында кар жатпай, жайкысын салкын болгондуктан, мал жандык багууга ыңгайлуу келет. Элдин көпчүлүгү мал кармап, жер айдоо менен алек болушат. Айыл жергесинде көбүн эсе мал уурулук жана майда бейбаштыктар катталып турат. Үч жылдын ичинде өзүнө тиешелүү аймакты жакшы билип, жергиликтүү калк менен бат тил табышып алгандыктан кылмышты каттоодо же майда кылмыштардын бетин ачуу көп деле кыйынчылык жарата бербейт. Болгону бир айылдан экинчи айылга каттап иш алып барууда транспорттун жетишсиздиги кыйынчылык туудуруп келет.

Милиция деп атайын тандап алгандан кийин Кайрат жумуш дегенде ичип жаткан ашын жерге коё койгонго даяр. Иш деп жүрүп кыргыздагы алыш-бериш кыскасы той топурларга теңтуш катыштарга көп деле кошулбай калган. Эң орчундуу иштер чыгып калып эле атайын жетекчиден рапорт жазып суранып кетпесе, күн ү-түнү кызматта болгону болгон.

«Азыркы учурдагы милиция кызматкерин көчөдөгү бейбаштар көп эле байкашпай калышты. Анча мынча мас болуп тартип бузуп жаткандарга барып тартипке келтирип да коюуга болот. Бирок, мыйзам бизге андай кылууга жол бербейт. Себеби мыйзам боюнча биз, милиция көчөдөбү, коомдук жайдабы кимдир- бирөө чектен чыгып атса да башкача айтканда «сиз» деп, сылап-сыйпап кайрылууга милдеттүүбүз.

Кокус кол кайыруу, ур-токмок болуп кетсе да биз тараптан ага жооп берүүбүз күч колдонуу деп кабылданып калат. Ошондуктан эки колду жипсиз байлап алып, «сизиң-бизиң» менен гана жумуш алып барууга туура келет. Анткени, азыркы учурда «Адам укугу» деп коюп, кылмышкерлердин укугун коргогон уюмдар маселе жаратышууда»-дейт Кайрат.

Негизи эле милиция кызматкерлеринин көпчүлүгү кичи мекени кайсыл жерде болсо ошол жакка барып иштегилери келишет эмеспи. Ушул тууралуу да Кайраттан кызыгып сурап көрдүк. «өз үйүмдүн туулуп өскөн жериме, Ат-Башы районуна которулуп кетип калсам деген оюмда деле жок. Анткени азыркы иштеп жаткан жеримде чогуу иштешкендер жана жетекчилер менен жакшы мамиледе болуп, көнүп да калдым. Чолпон айылында келинчегим да жумушка орношуп, жашаган жердеги кошуналар да өз туугандарымдай болуп калышты.

Кыскасын айтканда азыркы иштеп жаткан жеримде баары жакшы болуп өз нугунда кетип жатат десем жаңылышпайм. Анын үстүнө биз милиция кызматкерлери погон тагынып жүргөндөн кийин жетекчилик кайсыл жерге жибербесин ошол жерде иштөөгө даяр болушубуз керек»-деп сөзүн аяктады.

Булак:NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости