www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга байланышкан мыйзамсыз бизнес ачыкка чыкты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, компаниянын мыйзамсыз ишинен улам Кыргызстандын жараны Чехияда документсиз жана медициналык камсыздандыруусуз калган. Маалыматка караганда, Pro Style компаниясы кыргызстандык бул жаран менен келишим түзүп, аны Европада ишке орноштурмакчы болгон. Бул кызматы үчүн компания миң доллар алган. Келишим боюнча Чехияга барган ал кыргыз жаранына жумуш орун жана жумушка орношууга керектүү документтер берилиши керек болчу. Бирок, Европага барып ал эч нерсеси, тагыраак айтканда документи жок талаада  калган. 

“Pro Style компаниясы Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча уруксат алган эмес. Компаниянын офисинде тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз иштер жүргүзүлгөн документтер табылган”, -деп ведомстводон билдиришти. 

Айтылган факт боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Бир эле кыргыз жараны бул компаниядан жабыр тарттыбы же мындайлардын саны көппү азырынча белгисиз.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости