www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубан Адыл уулу Кыргызстандын башкы прокурорунун орун басары кызматынан бошотулганын президенттин маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин өлкө башчы башкы прокурор Курманкул Зулушевге анын орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан алуу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырган. Мындан тышкары, көзөмөл органынын жетекчисине эки башкармалыктын жетекчилери Мирлан Майтпасов менен Авазбек Аликуловго сөгүш жарыялоо жана ротациялоо тапшырмасы берилди.

Президент ошондой эле башкы прокурордун өзүнө жана жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Буга чейин президенттик аппараттын комиссиясы Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине прокурорлор кийлигишкен фактыларды иликтеген. Бул фактылар УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин тергөөнүн жыйынтыгында жазылган катынан белгилүү болду.

Зулушев жана Тургунбаев карамагындагы кызматкерлерге туура эмес көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн дисциплинардык жаза алышкан.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости