www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5–6-февралда Ош мамлекеттик университетинде Польша–Кыргызстан эл аралык RITA долбоорунун алкагында «Кыргызстандагы жаштар арасында эмчек рагын алдын алуу боюнча Польша тажрыйбасы» аттуу биргелешкен тренингдер уюштурулду.

Окутууга Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун, Медициналык коллежинин 30га жакын окутуучусу жана 500гө жакын студенти катышты. Алар эмчек рагынын эпидемиологиясы, клиникалык белгилери, тобокелдик факторлору менен таанышып, муляждар аркылуу практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Ошондой эле өз алдынча текшерүү жана алдын алуу ыкмалары боюнча методикалык материалдар менен камсыз болушту. Жыйынтыгында катышуучулар претест жана посттест суроолоруна жооп берип, билим деңгээлин баалашты.

Долбоордун максаты – студенттерди өз алдынча диагностика жүргүзүү көндүмдөрүнө үйрөтүү аркылуу Польша методикасын билим берүү процессине киргизүү жана Ош облусунда коомдук саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү.

Эки күндүк тренингди уюштурууда Эл аралык медицина факультетинин доценти Жайнагүл Абдирасулова, Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун улук окутуучусу Жылдыз Тойчуева, Эл аралык медицина факультетинин окутуучусу Мээримгүл Бусурманкул кызы, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун кафедра башчысы Аида Келдибекова активдүү катышты.

Долбоордун негизги өнөктөшү – Польшадагы Быдгощ шаарындагы Экономика университети (Wyższa Szkoła Gospodarki), аткаруучусу — AZS WSG коомдук уюму.

 

Последние новости