www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Аскер-аба күчтөрүнө таандык C-17A Globemaster III жана MC-130 Super Hercules аскердик-транспорттук учактары Түркмөнстандын белгисиз аймагына конду. Бул тууралуу маалымат кечээ, 9-февралда FlightRadar24 порталында пайда болду.
АКШ күчтөрү кайсы жерде жайгашканы азырынча белгисиз, бирок көпчүлүк бул күчтөр Ашхабад шаарынын айланасында топтолгонун айтууда.
Белгиленгендей, MC-130 Super Hercules учагы өзгөчө көңүл бурду. Бул учак төмөнкү милдеттер үчүн колдонулат:
— атайын бөлүктөрдү ташуу;
— жашыруун жана түнкү операцияларды жүргүзүү;
— тик учактарды абада күйүүчү май менен камсыз кылуу жана материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүү;
— адаттан тыш шарттарда учуп-конуу иштерин аткаруу.
Алсак, Түркмөнстандын борбору Тегеран шаарынан кургактык аркылуу болжол менен 800 км, аба аркылуу дээрлик 480 км аралыкта жайгашканы бул конууга кошумча стратегиялык маанини берет. Учурдагы кырдаалда бул көрүнүш АКШнын Иранга жакын аймактардагы аскердик катышуусун кеңейтүүгө кезектеги белги катары бааланууда.
Белгилей кетсек, АКШ менен Ирандын ортосундагы мамилелер курчуп кеткен. Эки өлкө акыркы күндөрү сүйлөшүү столуна отуруп, маселелерди чечүүгө аракет кылышкан, бирок бул жолугушуулар азырынча так жыйынтык берген жок.
АКШнын аскердик техникасынын Түркмөнстанда пайда болушу Америка Иранды ар тараптан курчап жатканын айкын көрсөтөт.
Эске салсак, буга чейин АКШ өз жарандарына Иран Ислам Республикасын тез арада таштап кетүүгө чакырган. Расмий булактардын маалыматына ылайык, учурда Иранда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жолдор жабылып, коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурап, интернет тармагы бөгөттөлгөн.
Мухаммад Ходиев, Ташкен