www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022–2025-жылдары «Ала-Арча» Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркынын кирешеси туруктуу өсүп, 65,8 млн сомдон 262,7 млн сомго жетип, дээрлик 4 эсеге жогорулады. Бул санариптештирүүнүн киргизилиши, башкаруунун ачыктыгы жана туристтик инфраструктуранын активдүү өнүгүшү менен байланыштуу. Бул тууралуу маалыматты Президенттин Иш Башкармалыгы билдирди.
Паркта жаңы коттедждер, мейманкана, мончо комплекстери жана ресторандар курулуп, кызматтардын түрү кеңейди. 2024-жылы «Теплые ключи» комплекси парктын балансына өткөрүлүп, экологиялык жана ден соолукту чыңдоочу туризмге шарт түзүлдү. Ошондой эле жакында асма жол ишке киргизилет, ал эми родельбандын курулушу жүрүп жатат. 2025-жылдын 1-майынан тартып автотранспорттун киришине тыюу салынып, жөө жана электромобилдерге гана уруксат берилди. Натыйжада кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулап, туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.