www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү жарыялангандан кийин 3 күндүн ичинде депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнү каалаган партиялар БШКга катышуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү бериши керек. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Саясий партиялар «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, партиядан талап кылынган шайлоо документтерине кол коюуга укуктуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалыматтарын көрсөтүшү керек.
Билдирүүгө төмөнкү документтер тиркелиши зарыл:
саясий партиянын каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
саясий партиянын уставынын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү;
саясий партиянын жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү;
саясий партиянын ыйгарым укукт өкүлдөрүнүн тизмеси;
саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арыздары;
саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү.
«Саясий партиянын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү билдирүүгө саясий партиянын жетекчиси кол коюп, саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек», - деп кошумчалайт БШК.