www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Кытай менен TikTok платформасы америкалык бизнес көзөмөлүнө өтүшү тууралуу келишимге кол койгонун билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, Трамптын айтымында айрыкча жаштар бул платформанын жабылышын каалаган эмес. “Жаштардын TikTok’ту сактап калуу каалоосу чоң болду. Чынын айтсам, мен да бул тиркемеге көнүп калдым”, - деген Трамп буйруктарга кол коюп жатып. Ошондой эле ал шайлоо кампаниясы учурунда да TikTok’тогу активдүүлүгү ага жаш шайлоочулардын рекорддук колдоосун алып келгенин белгилеген.
Ал эми Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт келишимди ишке ашыруу процесси башталганын тастыктап, жакынкы күндөрү толук аяктай турганын билдирген.
Белгилей кетсек, 2020-жылы президент Трамп TikTok’тун кытайлык ээси - ByteDance компаниясы колдонуучулардын маалыматтарын Кытайга өткөрүшү мүмкүн деп кооптонуп, тиркемени АКШда тыюуга же анын америкалык бөлүгүн жергиликтүү компанияларга сатууга буйрук берген. Бирок сот бул чечимди токтотуп, TikTok ишин уланткан. Азыр жаңы келишимге ылайык, платформанын АКШдагы ишмердиги америкалык бизнес көзөмөлүнө өтүүдө.