www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Париждеги Лувр музейинен баалуу зер буюм уурдалды. Бул тууралуу Франциянын маданият министрлиги кабарлаганын чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, музейге төрт адам кирип, император Наполеон Бонапарттын жубайы Жозефинага таандык болгон тогуз даана зер буюмду уурдап кетишкен. Алардын экөө курулуш шатысы аркылуу музейдин терезесине жетип, кескичтин (болгарка) жардамы менен айнекти кесип, ичкери киришкен. Кымбат-баалуу буюмдарды алып чыгып, скутер менен качып кетишкен.
Уурдалган буюмдардын арасында брошь, шуру жана таажы сыяктуу кооз зергер буюмдар болгон. Ошол эле маалда коллекциядагы эң белгилүү асыл таш — салмагы 140 караттан ашкан легендарлуу “Регент” бриллианты ордунда калганы айтылат.
Франциянын маданият министри Рашида Дати айткандай, Луврдагы зер буюмдарды уурдагандар — чыныгы кесипкөй уурулар болгон. Алар операцияны болгону төрт мүнөттө аткарышкан.
Париж полициясы ууруларды издөөгө кеңири масштабдагы операция баштады. Тийиштүү органдар жакынкы күндөрү шектүүлөр кармаларын билдиришти.