www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейшемби күнү Пакистандын эң ири порттук шаары Карачидеги турак жайлардын биринде газ жарылып, араларында балдар менен аялдар болгон кеминде 16 адам каза болду жана бир нече киши да жаракат алды.

Жергиликтүү полиция кызматынын башчысы Ризван Пателдин билдиргенине караганда, жарылуу Синд провинциясынын борбору Карачи шаарынын калктуу конушунда болгон.

Окуя таңкы саат 04:00 чамасында, Soldier Bazaar районунда орун алган. Бул убакта мусулман үй-бүлөлөр Рамазан айындагы ооз бекитүүгө (сахур) даярдык көрө башташкан. Жарылуунун кесепетинен ондон ашык адам ар кандай жаракаттарды алды.

Пател куткаруучу топтордун урандылардын астында калгандарды издөө иштерин улантып жатканын кошумчалады.

Учурда издөө-куткаруу операциясы жүрүп жатат, бирок башка кошумча маалыматтар бериле элек.

Карачидеги жана Пакистандын башка аймактарындагы үйлөрдүн көбүндө тамак бышыруу үчүн жаратылыш газы колдонулат.

Бирок газдын басымы төмөн болгондуктан, көптөгөн тургундар суюлтулган газ баллондорун колдонууга аргасыз болушууда.

Июль айында Пакистандын борбор шаары Исламабадда үйлөнүү тоюнан кийин газ жарылып, жаңы үйлөнгөн жубайлар менен бирге сегиз адам каза болгон.

Жетекчилер жарылуунун коноктор жубайларды куттуктоо үчүн чогулуп жаткан учурда болгон.

Последние новости