www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын айрым облустарында банкоматтардан акча алууда маселе жаралып, банк бөлүмдөрүнүн алдында кезек күткөн адамдар көбөйдү. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Наманган облусундагы Чартак районунун тургундары банкоматтарда акча жок болуп, накталай акчага суроо-талап жогорулаганын билдиришүүдө. «Азыр адамдардын барына накталай акча керек болуп жатат. Биздин райондогу төрт банкоматтын биринде да акча жок. Базардагы сатуучулар накталай акча менен соода кылышат. Дүкөндөн пластик караталар менен азык-түлүк алуу кымбат болуп калууда», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Бир нече азык-түлүк дүкөнүнө ээлик кылган хорезмдик ишкер соодагерлерге да накталай акча керек болуп жатканын билдирди. «Биз товарды дүң базарлардан накталай акчага сатып алабыз. Ошондуктан кардарларды накталай акча менен соодалашууга чакыра баштадык», — деди ал.

Өткөн айда Өзбекстандын Борбордук банкы коронавирустун жайылышына байланыштуу калкты накталай акча колдонууну болушунча азайтып, интернет-банкинг жана төлөм системаларын пайдаланууга чакырган. Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму накталай акча колдонуу коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигин жогорулатышы мүмкүн экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости