www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир топ жылдан бери милиция тармагында эмгектенип, бир дагы алгылыктуу иши менен эсте калбаган илең-салаң Кашкар Жунушалиев жаңы өкмөттүн курамы менен экинчи ирет ИИМ башчысы болуп келди. Анан ушундай өз ишин эптей албаган кадрлар кайрадан жооптуу кызматка келип жатса кабыргаң кайышпай койбойт экен.

Бул эргул өз көлөкөсүнөн өзү корккон коёндон эч айрымасы жок. Эки революциянын учурунда тең мыйзамга ылайык иштегендин ордуна жашынып жатып алганын айрым кесиптештери сөз кылып келет. Анысына деле мейли ушак катары кабылдап коёлу, ал эми министр болуп дайындалганда анык суу жүрөк экенин далилдеп койбодубу? Атамбаевдин тушунда ИИМдеги крысаларды тазалайм деп желпинип келип,  тез эле жели чыкты го чиркин. Керек болсо ошол учурда Атамбевден жеме угуп, ит эле болгон. Атамбаев ИИМ кызматкерлерине  үйлөрдү тапшырып жатып, Жунушалиевдин дарегине ачуу сын айтканы элдин эсинде. Кашкар Жунушалиев биринчи ирет ИИМ башчылыгына келгенде ММК өкүлдөрүн чакырып ачык дисскуссия жүргүзүп, “ИИМди реформалайм, крысаларды  тазалоо мезгили келди” деп көкүрөк каккан жайы бар. Иш жүзүнө келгенде форманы кычырата кийип, милиция кызматкерлерин тизип алып (пострение) тоону-томкоруп жибере тургансып такылдап сүйлөгөнү эле болбосо, кыйратып жиберген изи жок. Ким билсин ИИМдеги крысалардын каарынан корктубу же крысалардын капчыгына азгырылдыбы айтор, ИИМди ириткендерди тазалоого эрки жетпеди. Акыры Атамбаевдин каарына калып, кызматынан эртелеп айдалган. Анан ушундай жетекчиге алдына бийик максатты койгон президентибиз Сооронбай Жээнбеков эмнеге ишеним артты экен, Жунушалиев акыры Жээнбековдун атына кир келтирип койбосо болгону...  Канткен менен суу жүрөк, суу жүрөктүгүн кылат эмеспи.

“Этеги жаман жерден айрылган”  Кашкар Жунушалиевдин кайрадан ИИМге келиши коомчулукта катуу талкуу жаратып жатканын кантип танабыз. ИИМге артынан жакшы сөз ээрчибеген Жунушалиевдин дайындалышы менен, коомчулукта  жаңы өкмөткө болгон ишенбөөчүлүк күндөн-күнгө күчөшү мүмкүн.

Баса, 2012-жылы  Кашкар Жунушалиев ИИМдин 1-орун басары болуп турганда кызмат абалынан мыйзамсыз пайдаланган деген кине менен Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Анан ушундай суу жүрөк, өз ишин эптей албаган, кылмышка шектүү жетекчи ИИМди реформалап, крысаларды тазалап жибермек беле. Кайран гана кадрдык башаламандык дегенден башка арга жок...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости