www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Андан бери жыйырма жылга жакын убакыт өтүптүр. Көп жылдар бою сот тармагында иштеген Максуда Оморованын кызы Гүлчехра туурасында жазганын окуп чыккан соң, качаңкы бир окуя эсиме келди. Максуда Оморова “Мне обидно за отечество, я хочу чтобы мои внуки и правнуки жили в правовом государстве” - деп жазганын окуп күйбөгөн жерим күйүп кетти. Кыргызстанда укуктук мамлекеттин болушун талкалаган адамдардын бири сизсиз, Максуда Оморова.

Адам укугун тебелеген адам катары сүйлөбөй эле койсоңуз болмок экен. Бир кезде сиздин судьялык деңгээлиңиздин “төмөндүгүнөн” жабыр тарткан адам катары жазып жатам. “Кыргыз руху” газетасынан бөлүнүп чыгып, өз алдынча “Криминал” деген ат менен укуктук-саясый гезиттин биринчи санын чыгардык. Жаңыдан гана уюштурулган гезиттин уюштуруучулары болуп Бекен Назаралиев, Айданбек Акматов, Сакы Садыков үчөөбүз болдук. Ошондо, гезиттин алгачкы санын он миң тираж менен чыгарган элек. Таң калыштуусу “Криминал” гезити үч күнгө жетпей баары сатылып кеткен.

Көрсө, ошол кезде элибиз чындыкка суусап калган кези экен. Президент А. Акаев, премьер-министр А. Жумагулов, айыл-чарба министри Б. Талгарбеков жана башкалар туурасындагы ызы-чуу салган макалалар гезит бетине жарык көргөн болчу. Биринчи эле саны менен гезитти ак үй, көк үйдөгүлөргө кошомат кылган Юстиция министрлиги болсо керек, алар Акаевдин ар-намысын коргоп биздин гезитти дароо эле сотко беришти. Биринчи май райондук сотунун ошол кездеги судьясы Максуда Оморова Акаевдик бийликтин ырын ырдап, алардын арыгын чаап, тапшырмасын жүз пайызга аткарып, “Криминал” гезитин жаап берген. Ак үйдүн, Башкы прокуратуранын “тапшырмасын” аткарып жүрүп кызынын кызматтан кеткен оор абалын “ыйламсырап” жазыптыр. М.Оморова да башкаларды какшаткан судьялардан экенин унутуп калган го. “Энесин көрүп кызын ал дегендей”, М.Оморованын кызы Гүлчахра өзүнөн ашса ашкандыр, бирок кем болбоптур. Ак үйдөгүлөр, Максуда айымдын кызы Гүлчахра да “Бөрк ал десе, баш алган” судья болуп чыкканын, апасынын айтымында кыргыз эли эми билип отурат. Кыргыз элинде “Алма бутагынан алыс түшпөйт”, — ​деген жакшы макал бар.

Максуда Оморова да ак үйдүн тапшырмасын аткарып, чындык биз тарапта болсо да гезитибизди жаптырганын унутуп калса эстетип койгонубуз оң го. Максуда айым, биздин редакциянын кызматкерлерин, алардын үй-бүлөөсүн чыркыратып, жүрөктөрүн сыздатып жаңы гана чыккан гезитибизди жаап салган күнүңүздө биздин тагдырыбызды ойлогон эмес элеңиз.

Ошондо, Ак үйдөгүлөрдүн тапшырмасын аткарып, кошоматка кой союп, биздин гезитибизди жаап, ак үйдөгүлөрдүн “ак батасын” алганыңызга ыраазы болгондурсуз. Алардын тилинен чыкпаганыңыз үчүн кызматтан көтөрүлүп жүрдүңүз. Менимче, аны деле мойнуңузга алсаңыз керек. Мезгилден өткөн тараза жок деп коюшат го. “Криминал” гезитинде жазылгандардын баарысы кийин туура чыкты. Качан гана өз кызыңыздын башына иш түшкөндө чындыкты жазган адам болуп отурасыз.

“Куш уядан эмнени көрсө, ошону алат!” дегендей Оморованын кызы да апасындай болуп Ак үйдүн, Башкы прокуратурасынын тапшырмасын аткарып жабыр тарткандардын “көз жашынан” үй-бүлөсүн багып келгени бүгүн маалым болууда. Баса, ошол «Криминал» гезитибизди жапканыңызга нааразы болгонубузда, «мен бала-чакамды багышым керек» деген элеңиз...

Эсиңиздеби? Максуда айым, Кыргызстанда эркин ой жүгүртүү, демократиялык коомду муундуруп келген адамдарын бирисиз. Акыйкат туурасында сиз айтпай эле коюңузчу. Болгону ушуну гана айтып коюуну туура көрдүм.

Бир кезде сиздин “кошоматчылыгыңыз” менен жабылган “Криминал” гезитинин башкы

Редактору Бекен Назаралиев

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости