www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Осунбек Жамансариев менен Кой-Таш окуясы тууралуу сүйлөштүк.
-Осунбек мырза, Кой-Таш окуясына туура бир жыл болду. Экс-президент жана анын командасы камалды. Ал окуяны трагедия менен бүткөрбөй тынчтык жолу менен чечсек болбойт беле?
-Негизи Кой-Таш окуясы боюнча, соттун чечими чыкандан кийин талкууласак болмок. Азыр  көргөн уккан маалыматтар менен чектелебиз да...Үстүртөн айтсак: 2010-жылы август айында,  КР ИИМ нин тергөөсү экс-президент Алмазбек Атамабевди  күбө катары чакырып повестка беришти. Бирок, Алмазбек Атамбаев, экс-президенттин кол тийбестиги бар экенин эскертип, кол тийбестик макамын Парламент мыйзамсыз  жокко чыгаргандыгы боюнча,  Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасына кайрылышканын айтып,  тергөө органына барбайм, деп ачык айтты. Алмазбек Атамбаевдин, мыйзамга баш ийбегени  Ички иштер министрлигин  эле эмес, бийликти да “бурчка”  такагандай көрүндү.  Эл арасында, “ Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин тирешүүсү өлкөнү баш аламандыкка алып келмей болду дегендей кептерге жем таштады. Ошондой эле экөө элдешип алышса туура болмок, деген сөздөр айтылды. 
Бирок, элдин  “мыйзам баарыбызга бирдей, мыйзамга баш ийиши керек”,  деген пикири басымдуулук кылды. Ал учурда,  бир чети, күч органдарынын алдында, А.Атамбаевди  тергөөгө камсыз кылуу  милдети турган, экинчи жагы, А.Атамбаевдин бийликти катуу талкууга алуусу менен миңдеген колдоочуларга ээ болгон. Мындай көрүнүш, ички тышкы саясатта чоң мааниге ээ болгон. Айтайын дегеним, эгер  мындай абал көпкө созулса, коомчулукта ар түрдүү пикир жаратмак, өлкө стабилдүүлүгүн жоготуп коюшу мүмкүн эле...
-Кой-Таш окуясынын орун алышына Жогорку Кеңештин күнөөсү бар дегенге ынансак болобу?
-Баш мыйзамда,  президент оор кылмыш жасаса, Жогорку Кеңеш, Баш прокурордун корутундусун карап, президенттин ыйгарым укугун токтотуп, импичмент жарыялап, кылмыш жообуна тартуу нормалары каралган. Ал эми, экс-президент, кылмыш жасаган болсо да, кол тийбестик мыйзамы жол берген эмес. Чынында, аталган мыйзам, КР баш мыйзамындагы, “ар бир кылмыш жасаган адам жоопко тартылат”, деген негизги принциптерине каршы келет.
Жалпак тил менен айтсак, Президент кылмыш жазаса жоопко тартылат, ал эми экс-президент кылмыш жазаса, жоопко тартылбайт.
Ошол себептен, Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестик макамын  жокко чыгарып, экс- президент менен Президенттин кылмыш жообуна тартыла турган жоболорун бирдей болгон  мыйзам кабыл алышкан.
Бирок, биздин баш мыйзамыбызда, эл аралык нормаларда, мыйзам кабыл алынган күндөн тарта иштейт, ал эми ага чейинки учурларга мыйзам иштей албайт. 
Мына ушундай, мыйзамдагы карама каршылыктар болгондуктан, коомчулукта ар түрдүү талкуу жүрүүдө.  
Кандай учур болбосун, бийлик бутактары, мыйзамды туу тутуп, акыйкат иш алып барышса, жарандардын мамлекетке болгон ишеними өсүп, коомдун тарбияланышына чоң түрткү болмок, жана уурулардан, терс көрүнүштөрдөн арылат элек....
-Тергөө, сот адилеттүү жүрүп жатат деп ишенсек болобу? 
-Ал эми, тергөө, сот канчалык адилеттүү болуп жатканы боюнча, менде так маалымат жок. Ошол себептен, сот өз чечимин чыгаргандан кийин айтсак туура болот деп ойлойм.  
Булак: NazarNews.kg

Последние новости