www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев президент Садыр Жапаровдун сөгүшү тууралуу суроого жооп берди.
Мэр өлкө башчысынын сынын туура кабыл алганын айтты.
"Урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун сын-пикирин кабыл алдым. Эми иштеш керек болот, иштеп атам", - деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров этика ченемдерин аткарбагандыгы түрүндөгү жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берген.