www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин түштүк-батышында эки унаа кагышып, жүргүнчү аял каза болду. Бул тууралуу шаардык ИББ билдирди. 

Кырсык бүгүн эртең менен саат 07:45 чамасында Бишкек — Кашка-Баш жолунда болгон. 

"Honda Aria автоунаасынын 32 жаштагы А. уулу Э. аттуу айдоочусу Бишкек — Кашка-Баш жолу менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, түндүк тарапты көздөй бет алган Hundai Sonata автосу менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Honda Aria машинасындагы 53 жаштагы О. Н. аттуу жүргүнчү аял каза тапкан", — деп айтылат маалыматта. 

 

Эки автоунаанын айдоочулары менен калган жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген. Факт каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости