www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу памирлик кыргыздар кесиптик лицейде окуй баштайт

Кыргызстанга көчүрүлгөн памирлик кыргыздар үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен тарта кесиптик лицейде окуй баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Алар Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында жайгашкан №67 кесиптик лицейден билим алышат.

"Кесиптик лицейдин администрациясы Афганстандан көчүрүлгөн памирлик кыргыздар менен жолугушуу өткөрүп, окуй тургандардын тизмесин түзгөн. Андан соң памирлик кыргыздар Алай райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгындагы жумушсуздардын тизмесине киргизилген. Эми алар электр жана газ ширетүүчү, айдоочулук, тигүүчүлүк кесиптери боюнча билим алат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Афганстандан этникалык 33 кыргыз Нарын жергесине балдарына билим берүү максатында келишкен. 2020-жылга чейин келип кошулгандарды жана кеткендерди эсептегенде алардын жалпы саны 50гө жеткен. Ошол эле жылдын август айында Алай районунун Талды-Суу айылына салынган үйлөргө 10 үй-бүлө көчүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости