www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын жарандарына Түркияга визасы жок кирүүгө тыюу салынды. Бул туурасында жарлык Resmi Gazete порталына жарыяланды.

"Тажикстандын жарандарына жалпы жарандык паспорт менен Түркияга келүү үчүн визасыз режим жокко чыгарылсын", — жеп жазылат өлкө президенти Режеп Тайип Эрдогандын жарлыгында.

Буга эмне себеп болгону айтылган эмес.

Буга чейин түркиялык ЖМКлар "Крокус сити холлдогу" терактынын эки айыпталуучусу январь-мартта Стабулдагы мейманканаларда жатканын, бирок алар эмне менен алектенишкени жашыруун бойдон калганын жазган.

Ал эми Hürriyet гезити Түркияда теракт жасоого даярданган деп "Ислам мамлекети"* террордук тобунун болжолдуу мүчөлөрү деген эки адам Стамбулдан кармалган. Соттун чечими менен биринчи шектүү Тажикстан жараны, 37 жаштагы Фазылджон А. камакка алынса, анын шериги деген 41 жаштагы Зульфия С. аттуу кыргызстандык аял Түркиядан депортацияланды.

* Кыргызстанда, Россияда жана бир нече мамлекетте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости