www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-июлда Ош—Гүлчө автоунаа жолунун 21-чакырымында Каратай айылында жол кырсыгы катталып, 19 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

"Окуя 12-июлда саат 18:30 чамасында Каратай айылында болгон. Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну Б.А. өзүнүн “Ниссан-Примера” автоунаасын Гүлчөдөн Ош шаарын көздөй башкарып бара жатып, жолдун четине чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары бара жаткан Төлөйкөн айылынын 19 жаштагы тургуну А.Н. жана Ош шаарынын 20 жаштагы тургуну А.К. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну Э.А. денесинен алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости