www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында Бишкек–Ош жана Өзгөн–Кара-Кулжа унаа жолдорунун жээктеринде тиешелүү уруксат документтери жок иштеп жаткан 25 соода жана тейлөө объектиси аныкталды.

Текшерүү иштери Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Аныкталган объектилердин арасында:
11 жеңил типтеги дүкөн;
5 чарбалык товарлар дүкөнү;
6 тез тамактануучу жай;
3 чач тарач бар.

Мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү тараптарга чаралар көрүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилди.

Департамент жарандарды жана ишкерлерди объектилерди жайгаштырууда мыйзам талаптарын, курулуш ченемдерин жана техникалык регламенттерди сактоого чакырды.

Последние новости