www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-июнунда Ош шаарында “Жаштардын креативдүү хабы” расмий ачылып, пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, ошондой эле шаардык жаштар жана активисттер катышты.
Маалыматка ылайык, “Молодежный креативный хаб” долбоору 2020-жылдан тартып “Youth of Osh” коомдук уюму тарабынан ишке ашырылып келет. Бул көп функциялуу аянтча болуп, анда иштөө, билим алуу, коомдук иш-чараларды өткөрүү, соода жана эс алуу үчүн шарттар түзүлгөн.
Долбоордун уюштуруучуларынын айтымында, мындай борбор шаардагы жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, алардын өз шаары ичинде өнүгүүсүнө жана активдүү жашоо образын калыптандыруусуна өбөлгө болот.
“Жаштардын креативдүү хабы” Ош шаарындагы жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү демилгелердин бири катары белгиленүүдө.