www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаардык кеңешинде мурдагы мэр Мелис Мырзакматовго тиешелүү делген жер тилкелери боюнча маселе көтөрүлдү.
Мэр Жанарбек Акаевдин айтымында, эгер жерлер мыйзамсыз алынганы аныкталса, алар мамлекетке кайтарылат. Ал эми документтери мыйзамдуу болгон талаштуу жерлер боюнча тараптардын сүйлөшүүсү аркылуу маселени чечүү мүмкүнчүлүгү каралышы ыктымал.
Бирок Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев болсо талаштуу жерлер мыйзам чегинде мамлекеттин балансына өткөрүлүшү керек деген позициясын билдирди.
Мэрия Мырзакматовго байланыштуу 2 гектар 60 сотых Ак-Бууранын жээгиндеги жана 36 гектар Төлөйкөндөгү жерлер боюнча сотко кайрылган. Бул иштер боюнча соттук териштирүүлөр азыр да уланууда.
Маселе буга чейин президент Садыр Жапаровдун Ош тургундары менен жолугушуусунда да көтөрүлүп, жер тилкелерин мыйзам чегинде иликтөө тапшырмасы берилген.