www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын “кара тизмесине” Кыргызстандын 104 миң 500 жараны киргизилген. Мындан тышкары, 90 миң 721 кыргызстандык чет элдик жарандардын көзөмөл реестрине катталган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы “кара тизмеде” 91 миң 566 кыргызстандык болгон. Демек, бир жыл ичинде бул көрсөткүч өскөн.

Орусияда 2025-жылдын 5-февралынан тартып чет элдик жарандардын көзөмөл реестри иштей баштаган. Бул тизмеге киргендердин укуктары чектелип, унаа башкарууга, никеге турууга, мүлкүн каттоого, банктык эсеп ачууга жана жашаган жерин алдын ала эскертүүсүз алмаштырууга тыюу салынат. Ошондой эле аларды өлкөдөн чыгаруу коркунучу жогорулайт.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Орусияда 472 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын 268 миң 460ы миграциялык каттоодо турат.

Последние новости