www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркындагы Кайың токойунун аймагында өрт коопсуздугу боюнча рейд өткөрүлүп, мыйзамсыз от жаккан эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.
Рейд Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан парктын токойчулары менен биргеликте уюштурулган.
Маалыматка ылайык, токой аймагында от жагууга тыюу салынганына карабастан, эки жаран от жаккан.
Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык эки протокол түзүлүп, ар бирине 7 500 сомдон, жалпы 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, жарандарга токойдогу өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо, белгиленбеген жерлерде от жакпоо жана жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.