www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарындагы Атабаев жана Ю. Төлөнов көчөлөрүндө курулуп жаткан жолдун сапатына байланыштуу жарандардын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы жүргүзгөн.
Анын жүрүшүндө жолдун айрым тилкелеринде жана суу агызуучу лотоктордо курулуш ченемдеринин талаптарына жооп бербеген кемчиликтер аныкталган.
Тактап айтканда, айрым жерлерде жылышуулар пайда болуп, асфальт төшөлмөсү бузулган.
Ушуга байланыштуу жол куруу иштерин жүргүзүп жаткан «Амантур Строй» ЖЧКсына кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу тапшырмасы берилди.
Учурда сапат талаптарына жооп бербеген жол тилкелери буздурулуп, негиздери кайра даярдалууда.
Андан соң бетон төшөлүп, технологиялык талаптарга ылайык эки катмар асфальт-бетон төшөлөт.