www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгер дарылоодон корксо, бейтаптарды ким куткарат?

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жамааты президент Садыр Жапаровго дарыгер Насира Бейшебаеванын ишине байланыштуу кайрылуу жасады.

Бейшебаева 10-сентябрда шаардык соттун чечими менен 3 жылга эркинен ажыратылып, 2 миллион сомдон ашык компенсация төлөөгө милдеттендирилген. Иш оор илдетке кабылган баланын бутунун ампутацияланышы менен аяктаган окуяга байланыштуу.

Кесиптештери дарыгердин дээрлик 30 жылдык тажрыйбасын, анын ичинде 89 трансплантацияга катышканын белгилеп, окуянын оор кесепетине карабай, медициналык тобокелдиктер да эске алынышы керектигин айтышты.

Дарыгерлер мындай иштер медицина кызматкерлеринин оор бейтаптарды дарылоодон жана татаал чечимдерди кабыл алуудан коркушуна алып келиши мүмкүн деп кооптонууда.

Алар президенттен Бейшебаеванын ишин кайра кароодо окуянын бардык жагдайлары, кесиптик тажрыйбасы жана медициналык тобокелдиктер эске алынышына көңүл бурууну өтүнүштү.

Последние новости