www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир катар кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

«Эрдик» ордени менен ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кезмет кызматынын башчысы, подполковник Максатбек Бусурманкулов жана ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун терең суудагы куткаруучу-суучулдар бекетинин башчысы, лейтенант Аскарбек Казыбеков (көзү өткөндөн кийин) сыйланды.

Аскарбек Казыбеков кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда каза болгон. Ага берилген мамлекеттик сыйлык атасына тапшырылды.
Мындан тышкары, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери Мирлан Касымов жана Суучулдар кызматынын окутуучусу Кумар Такырбашев «Ардак» медалы менен сыйланышты.

Ошондой эле Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформанын катчылыгынын жетекчиси, деңиз иши жана суу транспорту боюнча эксперт Алмабек Айдакеевге Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан алкыш жарыяланды.

Последние новости