www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында өткөн Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин кеңейтилген жыйынында Казакстандын Тышкы соода палатасынын Башкармалыгынын төрагасы Мурат Ратович Каримсаков алтын медаль менен сыйланды.

Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев тапшырды.

Алтын медаль Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, ишкердик өнөктөштүктү бекемдөөгө жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн кызматташтыгын кеңейтүүгө кошкон салымы үчүн берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Темир Сариев эки өлкөнүн ишкердик байланыштарын мындан ары өнүктүрүүнүн жана өз ара кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Последние новости