www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин ЖКККББнын кызматкери "алдамчылык" фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте "алдамчылык" фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Ош ШИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерин кармады. Ал 2025-жылдын август айында айдоочулук күбөлүк алууга жардам берүү үчүн К.Ы. жана Т.Д. аттуу жарандардан 50 000 (элүү миң) сом, жалпысынан 100 000 (жүз миң) сом акча алган. Аталган акча каражаттары патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери тарабынан берилген реквизиттерге «Мбанк» мобилдик банктык тиркемеси аркылуу өткөрүлүп берилген.

Бул факты боюнча 2026-жылдын 4-мартында тергөө органдары тарабынан КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош ШИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК айдоочулук күбөлүктү алуу мыйзамдуу негизде гана жүргүзүлөрүн эскертет. КР Президенти С.Н. Жапаров бул тармакта мыйзам талаптарын так сактоо жана кандай гана болбосун коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин бир нече жолу эскерткен.

 

Последние новости