www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында алдыдагы Орозо Айт жана Нооруз майрамдарына карата укук коргоо органдарынын өздүк курамдарынын катышуусунда салтанаттуу саптык кароо жана нускама өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын, Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматынын, №703 ички аскер бөлүгүнүн, Түштүк аймактык күзөт башкармалыгынын, милициянын атайын полкунун №3 батальонунун, ошондой эле Ички иштер министрлигинин республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын өздүк курамдары катышышты.
Иш-чара укук коргоо органдарынын бирдиктүү аракетин, жогорку уюшкандыгын жана коомдук коопсуздукту камсыздоого болгон даярдыгын даана чагылдырды.
Салтанатка Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Дамирбек Исаков катышып, тизилген өздүк курамдын майрамдык күндөргө карата даярдык деңгээлин кылдат текшеришти. Жетекчилер ар бир бөлүктүн катарына барып, кызматкерлер менен баарлашып, алардын кызмат өтөөгө болгон даярдыгына өзгөчө көңүл бурушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн шаар мэри Жанар Акаев бүгүнкү күндө коомчулук тынч жана коопсуз жашап жаткандыгы түздөн-түз укук коргоо органдарынын үзүрлүү эмгегине байланыштуу экендигин баса белгиледи. Майрамдык иш чараларда, келген чет элдик коноктордун алдында коомдук тартипти сактоонун маанилүүгүн айтты. Ал ар бир кызматкерди өз милдетине жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылууга, жарандардын ишенимин актоого жана коомдук тартипти сактоодо үлгүлүү болууга чакырды.
Өз кезегинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков өздүк курамга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков тарабынан жолдонгон куттуктоону жеткирди. Андан соң ал майрам күндөрү коомдук тартипти камсыз кылуу ар бир кызматкерден өзгөчө сактыкты, сергектикти жана жогорку кесипкөйлүктү талап кыларын белгилеп өттү.
«Майрам күндөрү коомдук коопсуздукту камсыз кылуу – биздин башкы милдетибиз. Ушуга байланыштуу укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Ар бир кызматкер жарандарга сылык мамиле жасап, мыйзамдуулукту так сактоо менен өз милдетин так жана ак ниет аткарууга тийиш. Дал ушундай мамиле коомдогу туруктуулуктун жана коопсуздуктун негизги кепилдиги болуп саналат», – деп белгиледи Ош шаарынын милиция башчысы милициянын полковниги Дамирбек Исаков.
Саптык кароонун жыйынтыгында укук коргоо органдарынын өздүк курамынын жана кызматтык автотранспортторунун салтанаттуу жүрүшү уюштурулуп, иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бул иш-чара укук коргоо органдарынын Нооруз жана алдыдагы майрамдык күндөрдө коомдук тартипти камсыздоого толук даяр экендигин дагы бир ирет тастыктады.