www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-августта Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ош шаарындагы №3 М.В. Ломоносов атындагы жана №69 «Олимп» мектептеринин педагогикалык жамааттары менен жолугушту.
Жолугушууда мектептердеги учурдагы абал, мугалимдердин сунуш-пикирлери жана билим берүү процессине байланышкан маселелер талкууланды.
Агартуу министри бардык чечимдер мыйзам талаптарына жана мамлекеттик билим берүү саясатына ылайык кабыл алынышы керектигин белгилеп, маселелерди өз ара сый-урмат жана конструктивдүү диалог аркылуу чечүүгө чакырды.
Өз кезегинде Ош шаарынын мэри билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып, мугалимдер жана мектеп жетекчилери менен ачык диалогду улантууга даяр экенин билдирди.
Ал балдардын сапаттуу билим алуусу бардык маселелерден жогору турарын белгиледи.
Ошондой эле №69 «Олимп» мектебинин имаратын социалдык багытта пайдалануу, анын базасында 500 орундуу бала бакча куруу жана профилдик билим берүүнү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.