www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Эл аралык медицина факультетинде окуган студенттердин дээрлик үчтөн бири метаболикалык синдром тууралуу түшүнүгү жок экенин билдирген. Бул тууралуу 1 236 студенттин арасында жүргүзүлгөн изилдөөдө айтылат.

«Здравоохранение Кыргызстана» журналына жарыяланган изилдөөгө ылайык, студенттердин 54 пайызы күнүнө эки жолу гана толук кандуу тамактанат. Ал эми 33 пайызы фастфудду жумасына эки-үч жолу же андан көп колдонот.

Сурамжылоого катышкандардын 29 пайызы гана метаболикалык синдром жана анын белгилери тууралуу жакшы билерин билдирген. Дагы 32 пайызы бул түшүнүк жөнүндө эч нерсе билбей турганын айткан.

Изилдөөчүлөр туура эмес тамактануу, фастфудду көп колдонуу жана жашылча-жемиштердин жетишсиздиги келечекте зат алмашуунун бузулуу коркунучун жогорулатышы мүмкүн экенин белгилешет. Алар медициналык факультеттерде туура тамактануу боюнча практикалык окутууну күчөтүүнү сунушташкан.

Последние новости