www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Жапонияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолугушту. Тараптар саламаттык сактоо, медициналык технологияларды өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана аймактарды колдоо багытындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда JICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ачылганына быйыл 25 жыл толгону белгиленип, агенттиктин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жогору бааланды.

Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы саясий, ишкердик жана гуманитардык байланыштар ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, JICAнын колдоосу менен бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылганын айтты.

Саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык

Жолугушууда саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулду. Төрага JICAнын колдоосу менен Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында медициналык жабдууларды жаңылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди белгилеп, кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле Кыргызстанда позитрондук-эмиссиялык жана компьютердик томографиянын айкалышкан технологиясын (ПЭТ-КТ) киргизүү, онкологиялык ооруларга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары, өлкөдө заманбап медициналык шаарча түзүү долбооруна жапон адистерин жана компанияларын тартуу, медициналык жабдууларды сатып алууну каржылоо, гранттык колдоо жана насыя берүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Заманбап медициналык технологиялар менен иштей турган адистерди даярдоо маселесине да көңүл бурулду.

Кадрларды даярдоо жана аймактарды колдоо

Тараптар адамдык капиталды өнүктүрүү багытындагы кызматташтыкты да талкуулашты. Марлен Маматалиев JDS программасынын алкагында 300дөн ашуун кыргызстандык мамлекеттик кызматкер Жапонияда билим алганын белгилеп, бул багыттагы өнөктөштүктү улантуунун маанилүүлүгүн айтты.

Ошондой эле Кыргызстанда иштеп жаткан жапон ыктыярчыларынын ишмердүүлүгү жана аймактардагы чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган «Бир айыл, бир продукт» долбоорунун натыйжалары жогору бааланды. Төрага аталган демилгелерди мындан ары кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде JICAнын президенти Акихико Танака Кыргызстан агенттик үчүн маанилүү өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин айтып, мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ал 25 жыл ичинде калыптанган өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттарына токтолуп, жетишилген келишимдерди ратификациялап, колдоо көрсөткөн Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди. Ошондой эле депутаттардын Төрага Марлен Маматалиев баштаган расмий сапары эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

Жолугушууга депутаттар Талайбек Масабиров, Гульнара Акимбаева, Джамиля Исаева, Токтобүбү Ашымбаева, Джайлообай Нышанов, Советбек Рустамбек уулу жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты.

Последние новости