www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара деңизде 40тан ашык адам каза болду

2026-жылдын башынан бери Кара деңизде соода кемелерине 570тен ашык чабуул жасалып, кеминде 40 деңизчи каза болгон. Бул тууралуу Financial Times басылмасы деңиз коопсуздугу боюнча Ambrey компаниясынын жана Эл аралык деңиз уюмунун маалыматтарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, июль-сентябрь айларында 387 кеме чабуулга кабылган. Бул мурунку чейрекке салыштырмалуу беш эседен ашык көп.

Акыркы окуялардын бири 23-октябрда Румыниянын жээгинде болгон. Украиналык жана азербайжандык деңизчилер иштеген Khoryv кургак жүк ташуучу кемеси өрттөнүп, чөгүп кеткен. Бир адам каза болуп, дагы үчөө дайынсыз болууда.

Ошондой эле октябрь айында Болгариянын жээгинде бир нече кеме чабуулдан кийин чөгүп, деңизчилер дайынсыз жоголгон.

Ambrey компаниясынын башкы аналитигинин айтымында, чабуулдар украин эгинин ташыган кемелерге да жасалууда.

Последние новости