www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районунун Арал айылынын тургунунун сөөгү мындан бир ай мурда базардан табылган. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Ош ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга ушул жылдын 4-июнь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында Ноокат районунун борбордук базарында эркек кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

«Маркумду сыртынан кароо жүргүзгөндө ур-токмоктун тагы болгон эмес. Маркум 1972-жылы төрөлгөн, Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Арал айылынын тургуну болгон. Жакындары аны жерге бергенден кийин 3-4 күндөн соң милицияга «жакшынакай жүргөн адам кантип каза болуп калат?» деп кайрылышкан. Ошондо милиция кызматкерлери эксгумация сунушташкан. Ага туугандары макул болгон эмес. 

Ошондуктан Ноокат районунун жергиликтүү базарында табылган эркек кишинин өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду.

Күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө, алар ошол күнү маркум менен чогуу спирт ичимдигин ичип отурушкан, көп өтпөй ал эсин жоготуп кулап калган. Маркумдун туугандары чогуу спирттик ичимдигин ичкен кишини "сен анын кантип өлгөнүн билесиң" деп сабашкан. Буга байланыштуу ал арыз менен милицияга кайрылган, бирок кайрадан биз чечишип алдык деп тосмо арыз жазып бергендиктен бул иш да токтотулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости