www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жыйындар залында техникалык кеңешме өттү.
Кеңешмеге институттун директору Канат Канболотов жана “Бизнес Хаус КЖ”, “Morphosis & Phoenix Architect” ЖЧКларынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө “Ош-Сити” долбоорунун алкагында курулуп жаткан IT-шаарчанын аймагындагы “Ош Сити” соода борборунун имаратынын пайдубалын жана каркасын долбоорлоодо арматуранын бириккен жерлеринде колдонулган жаңы технологиялык ыкмалар талкууланды. Ошондой эле пайда болгон техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү сунуштар каралды.
Жыйындын соңунда институт менен компаниялар долбоор боюнча атайын жол картасын иштеп чыгуу жана мындан ары иштерди ошол документтин негизинде жүргүзүү тууралуу макулдашышты.
Кошумча маалымат: Жол картасы - белгилүү бир долбоорду жана программаны ишке ашыруу үчүн каралган негизги этаптарды, аткарылуучу иш-аракеттерди, мөөнөттөрдү жана жооптуу тараптарды камтыган пландоочу документ.