www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Джантелиев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын үлүш ээлеринин атайын шайланган өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин үлүш ээлеринин кайрылууларынын негизинде компаниянын ишмердүүлүгү Президенттин көзөмөлүнө алынып, Курулуш министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген. Бүгүнкү күндө “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын жетекчилиги курулуш объектилерин толук бүткөрүү максатында аларды Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүп берүүдө.

Министрдин орун басары Самат Джантелиев “Кудайберген” жана “Шопоков Эко Сити” турак жай комплекстеринин курулушуна байланыштуу аткарылып жаткан иштер тууралуу түшүндүрүп, документтерди тариздөө үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынарын кошумчалады. Ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында министрлик тарабынан компаниянын ишмердүүлүгүнө комплекстүү аудит жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Аудиттин алкагында курулуш объектилеринин учурдагы абалы, жүргүзүлгөн курулуш иштеринин көлөмү, каржылык агымдар, келишимдик милдеттенмелер, ошондой эле үлүштүк курулушка катышкан жарандар менен түзүлгөн келишимдер боюнча маалыматтар деталдуу түрдө талданууда. 

Бул иштердин максаты - долбоорлордун учурдагы реалдуу абалын так аныктоо жана курулуш иштерин мындан ары улантуу боюнча негизделген чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.

Ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу бир катар уюштуруучулук жана финансылык маселелер менен коштолууда. Бул аракеттер курулушка үлүштүк негизде катышкан жарандардын укуктарын коргоого, курулуш объектилерин аяктоого жана пайда болгон маселелерди мыйзам чегинде жөнгө салууга багытталган.

Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин батирлерине ээ боло албай, курулуш объектилериндеги иштер токтоп тургандыгы боюнча бир нече жолу кайрылышкан. Ушуга байланыштуу Курулуш министрлиги тарабынан “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсына тиешелүү эскертүүлөр берилип, курулуш иштерин жандандыруу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилген. 

Бирок компаниядагы каржылык көйгөйлөргө байланыштуу үлүш ээлеринин каражаттары толук кандуу пайдаланылбай, курулуш иштери токтоп калган.

Последние новости