www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында аймактык реформага ылайык, Жаңы-Маале конушунун эскилиги жеткен тамдарда, начар инфраструктуралык шартта көп жылдан бери жашап келген тургундарын алдыда ири өзгөрүүлөр күтүп турганы белгилүү болду. 

Мэр Жеңишбек Токторбаев 3-декабрда аталган конуштун эли менен жолугушуп, келерки жылдан тартып конуштагы бардык эски турак жайлар толугу менен бузулуп, алардын ордуна жаңы көп кабаттуу үйлөр, заманбап жер тамдар, мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, мечит жана коомдук эс алуу аянттары курула турганын билдирди.

Мэр биринчи кезекте 12 жылдык жаңы мектептин курулушу старт аларын, анын орду даяр экенин баса белгиледи. Азыр конушта болгону төрт жылдык мектеп жана бир дарыгерлер борбору гана бар. Калган инфраструктура дээрлик жокко эсе.

Расмий маалымат боюнча, бул аймакта төрт миңге жакын адам жашайт. Эл арасында «лөлү маале» деген ат менен белгилүү болгон конуш бир жыл мурунку реформага чейин Кара-Суу районуна карачу. Эми болсо Ош шаарынын толук кандуу бөлүгү катары жаңы турмуштун босогосунда турат.

Последние новости