www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Ош шаарында "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эскерүү иш-чарасына мэрдин орун басарлары, мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ош гарнизонунун кызматкерлери жана жашоочулар катышты.

Катышуучулар "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүл коюп, ата-бабаларды бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.

Бүгүнкү күнгө карата Ош шаарындагы көзү өткөн мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюп, эскерүү иш-чаралары өтүп жатат.

Белгилей кетсек, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп 2017-жылы негизделген.

Последние новости