www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда.
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында аталган дарыянын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан зарыл болгон бардык күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө бөлүнгөн.
Жыйынтыгында Ак-Буура дарыясынын 17 чакырым аралыгы таштандылардан толук тазаланып, тийиштүү тартипке келтирилет.
Министр кызматкерлерге ишти ыкчам, сапаттуу жүргүзүүнү жана өз үйлөрүндөй мамиле жасап, жоопкерчилик менен иштөөнү тапшырды.